Ишкер: “Айыл банк” алты ай чуркатты. Арзан насыяны Алимжанов менен эки курбусу каалагандай калчайт

Ишкер  Нургул Макабаева  Жалал-Абад шаарында жапайы мөмө-жемиштерди кургатуучу цех иштетет.Макабаеванын ОсОО “ЧЕРНОСЛИВ АГРО,, компаниясын негиздеп, 10 жылдан бери кара өрүк, ит мурун, долоно, , жапайы алма, тоо алмуруту, бөрү карагат, жаңгак,  маңыз ж.б жапайы мөмөлөрдү кайра иштетип, кургатып экспортко, жергиликтүү базарга чыгарат. Учурда бул үй-бүлөнүн эки чоң цехи бар. Тоо арасында өскөн жапайы жашылча жемиштерди терип, бул компанияга өткөрүп, күн көргөн жүздөгөн үй бүлө бар.

Ишкерликти илгерилетүү үчүн  Нургул Макабаева менен 2023-жылы сентябрь айында 15 миллион сом насыя сурап Жалал-Абаддагы “Айыл Банкка” кайрылган. Банк кардарды үч ай убарасын тарттырып, күттүрүп, андан кийин насыя берүүгө болбойт деген жоопту узаткан. 

“Биз 5 жыл мурун 3,8 млн сом льготный кредитти 6 % менен “Капитал банктан” алганбыз, ал  эми 3 жыл мурун аны мөөнөтүнөн мурда жаап, АКБ Кыргызстан банктан 8 млн сом жеңилдетилген насыя 6%дан  3 жылдык мөөнөт менен алганбыз. Коммерциялык банктар 15, 20 күндүн ичинде эле арызды карап, өздөрү чуркап жүрүп кредит беришкен. Кийин кредит алуу үчүн барсак жеңилдетилген насыя коммерциялык банктарда токтогонун билдирди. Ошентип “Айыл банкка” туш болдук. “Айыл банкта” бюрократия, тааныш билиштик, атайлап саботаж жасоо, керек болсо коррупция да өтө өнүгүп кеткенине күбө болдук. Кредит алам дегендерге эң азы үч ай, болбосо алты айдан бир жылга чейин  атайлап созушат экен”, - деди Макабаева

Ишкер жарым жыл убактысын банктын босогосунда күтүү менен коротконун айтты.

“Эми арыз маселесине келели? Мен биринчи арызды 2023-жылы сентябрда берип, үч айдан кийин, ноябрь айында гана насыя берүүдөн баш тартканы тууралуу жоопту колго алдым. “Айыл банк” келгенде эле арыз үч ай каралат деди. Биз күзгү сезон өтүп кетпеши үчүн 18% менен башка коммерциялык банктан азыраак насыя алып турууга аргасыз болдук. Ал эми “Айыл банк” ошол насыяны себеп кылып баш тартканын билдирди.

Көрсө, Аксы районунда “ЧЕРНОСЛИВ” деген компания болгон экен. Алардын “Айыл банк” менен маселеси бар окшойт. Биздин компанияны ошого адаштырып, Бишкектеги адистери толук окубай эле отказ кылыптыр. Бирок, кийин банк адистери арыз үч айда толук, так каралбай калганын моюндап, кайра менден башынан арыз кабыл алышты. 2024-жылдын январь, февраль айлары арызым экинчи ирет каралып, март айында кайра “отказ” деген жоопту алдым. Биз оң жооп болот деп аябай күттүк эле”, - дейт ишкер.

 

“Көрсө маселе башкада экен. Менин бирини арызымды И. Кадырова деген банктын Жалал-Абаддагы адиси караган. Экинчи жолу кайра тапшырган арызымды караган аймактык менеджер Ж. Касымова деген экен. Бул экөө, Бишкектеги “Айыл банктын” баш кеңсесинин директору Т. Алимжанов менен университеттен чоогу окуган курсташтар экен. Мага “Айыл банктын” кызматкерлери айтышты алар, “бул кардар ызы-чуу экен, мындай кардар менен иштебеш керек, биз кааласак алат, каалабасак албайт”, - деп эле четке кагып салышыптыр.

 “Айыл банктын” Жалал-Абаддагы кеңсесинин башчысы жаш, жакшы жигит экен. Бирок ал мындай чоң кредиттер боюнча маселени чече албайт экен. Тиги курбу, группалаштар аны тоготпойт да экен”, - дейт Макабаева

Учурда ишкер бул маселе боюнча Президенттик Аппаратка, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри  Бакыт Төрөбаевге кайрылуу жолдогонун, жакынкы күндөрү оң жооп күтүп жатканын айтты.

“Эми чынын айтыш керек, мен  “Айыл банктын” эшигин алты ай караган бир эле кардармын. Мага окшогондор жүздөп, балким миңдеп саналат. Бул банкта “мамлекеттик саясатты колдойлу, ишкерлерди колдойлу” деген кымындай ой жок экен. Барсаң муктаж, жалдырап келген кишидей мамиле жасашат. Биздин жумуш оор, мөмө жемиш бирде жакшы акча болсо, бирде такыр өтпөй калат, баасы артына кетет. Ошондуктан бизге жеңилдетилген насыя гана ылайыктуу болуп жатат”, - деп сөзүн жыйынтыктады ишкер.

15:30, 05-04-2024

Комментарийлер

Рахат
Биз да күздөн бери чуркап жүрөбүз, азыраак эле суммага. Документ топтоп бүтсөк эле жаратпайт. Кайра башынан топтоп бүтүп, өткөрөлү десек биздин документти карачу адис отпускада экен. Эми ал эс алып келишин күтөт экенбиз. Бирок жаз ортолоп калды, айыл чарба иштерине салмакпыз, убакыт өтүп жатат. Алис эс алуудан келип карагыча жай келет го... Биздики деле 6 айга чукулдалы.
Ширин
Айыл банк абдан начар банк. Айтып эле келе жатам,айтып эле келе жатам. Мен дагы ушундай корунушко туш болгом.Бирок мен пайызсыз насыяга тапшыргам,биринчи уч ай куттум,документтеримдин баары туура болду,эми финансирование эмки жумада болот деген,анан эле токтоп калды дешти,кут деди куттум,куттум тажадым,кайра бардым. Мен туристтер менен иштейм,сезон башталганга чейин жумуштарды бутуруш керек эле десем,башка акча таап иштете бериниз,счет фактура менен товарларды алыныз,усталарга патент алдыр,ишти суротго тарт дешти(себеби финансирование сентябрда болот дешти)айткандарынын баарын жасадым,ошентип сезон бутту,кайра банкга бардым. Алар эмне деди дебейсинерби?,биз сурасак,ал кардар ишин бутуруптур да,эми эмне максатга алат,болбойт,берилбейт дептир. Аябай ызаландым. Баягы акча алгам да,аны жеке банктан кредит алып бердим.Баары эле окшош тура. Мамлекеттик банкга караганда жеке банкттар тез берет. Бул банк ич кийиминди деле сурай турган(кечирип койгула),эгер кредит бере турган болсо.Ишкерлерди колдобойт,ишкерлерди колдоо деген соз жон эле жел соз. Мен Айыл Банкга 8-9 ай бардым. Эн начар банк. Жеке банкттар жакшы,аларды да жон койушпайт да чокулап турушат,алар бир жумада эле берет
Алтынай
Ооба айыл банкта ошондой экен. Элементарно чалсан биздин тынчыбызды албагыла деген жооп алат экенсин. Тейлоосу абдан начар. Азыр элдин баары жаз жарыш болуп жатканда эмне учун чоюшат?. Бизда частный банктан алмай болдук
Алыйкулова М.М эксперт
Бул тексттен төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Айыл Банк” сыяктуу коммерциялык банктардын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүүдө, ишкерлердин кредиттик арыздарын адилеттүү жана профессионалдуу кароону камсыз кылууда активдүү роль ойношу керек. 2. Бизнести өнүктүрүүгө тоскоол болгон бюрократияга жол бербөө үчүн «Айыл Банк» кредиттерди берүүдө колдонгон жол-жоболор жана шарттар ачык-айкын, адилеттүү жана натыйжалуу болууга тийиш. 3. Банк кызматкерлери тарабынан кредит алуу үчүн арыз берүүчүлөргө карата жеке пикирлердин негизинде бир жактуу мамиле кылуу учурларын жоюу зарыл, анткени бул адилетсиз чечимдерге алып келиши мүмкүн жана алардын укуктары бузулушу мүмкүн. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы келечекте ушул сыяктуу мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө жана коммерциялык банктардын аракеттеринин мыйзамга жана ишкердик этиканын принциптерине ылайык келишин камсыз кылууга милдеттүү. 5. Экономикалык өсүштү жана бизнести өнүктүрүүнү стимулдаштыруу максатында өлкөдөгү ишкердикти мамлекет жана банк системасы колдоого алуу керек. Жалпысынан бул кайрылууда Кыргызстандагы коммерциялык банктардын чынчылдыгы, ачык-айкындыгы жана натыйжалуулугу жана ишкерлердин укуктарын коргоонун маанилүүлүгү баса белгиленет.
Зайнал
Айыл банк насыя бербеш үчүн өздөрүнө ыңгайлуу эрежени ойлоп табат. Мурда кезекке катталуу болсо , эми насыя келер менен кимдин документти туура болсо ошол алат дегенди ойлоп табышты.
Асы
М
Алтынбек
Айыл банк мурда эле ушундай болчу. Ал тургай арасында ортомчу болуп документ иштерине жардам берип бүтүрүп, кийин алган суммадан ушунча бересиң деп соодалашкандар бар. Азыр да болсо керек

Башка жаңылыктар